www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында шаар күнүнө карата TURKSEN 3-эл аралык бокс турнири уюштурулат.
Аталган спорттук иш-чара Түрксой уюмунун колдоосу менен өтүп, ага Түрк дүйнөсүнүн мамлекеттеринен жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү мушкерлер катышары күтүлүүдө.
16-июль күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кыргыз Профессионалдык Бокс Лигасынын президенти Шайлообек Атазовду кабыл алып, алдыдагы турнирди өткөрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушууда Шайлообек Атазов турнирдин негизги максаты — өлкөлөр арасындагы достук жана кызматташтыкты чыңдоо, жаштарды спортко тартуу экенин белгиледи.
Ал эми шаар мэри мындай ири спорттук иш-чаралар Ош шаарынын спорттук имиджин жогорулатууга чоң салым кошорун айтып, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Шайлообек Атазов шаар башчысына Кыргыз Профессионалдык Бокс Лигасынын атайын курун тапшырды.