www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ал курулуш иштеринин сапатына, аткаруу мөөнөттөрүнүн сакталышына жана жумуштарды тездетүүгө байланыштуу тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолун реконструкциялоо долбоорунун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт. Долбоор аяктагандан кийин жол II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу тосмо менен бөлүнгөн заманбап автожолго айланат.

Учурда жолдун 0–25-чакырым аралыгы толугу менен реконструкцияланып, кабыл алуу иштери жүрүүдө.

Калган бөлүктөрүндө негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, акыркы этаптагы иштер аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин сапатын жана өз убагында бүткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү улантат.

Последние новости