www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 28–29-январь күндөрү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан окутуу-семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, прокуратура органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле райондордон жооптуу болуп бекитилген 150дөн ашык ыйгарым укуктуу өкүлдөр катышты.

Окутуу-семинарынын жүрүшүндө Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук бузуулардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү боюнча жооптуу кызматкерлерине реестрге маалыматтарды киргизүүнүн тартиби, жобонун негизги талаптары, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин укуктук кесепеттери боюнча практикалык жана усулдук түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан тышкары, катышуучулар укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган тутуму менен иш алып барууда кездешкен көйгөйлүү маселелерди талкуулап, аларды чечүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди эске алуу менен протоколдук чечимдер кабыл алынып, катышуучуларга тиешелүү усулдук жардам көрсөтүлдү.

 

Последние новости