www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокат районунда жаш келиндин өлүмүнө байланыштуу социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган "Кызым кайын журтунун колунан каза болду" деген кайрылуу боюнча тергөө иштери уланууда.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 19-февралында Ноокат РИИБге 112 кызматы аркылуу Көк-Бел айыл аймагынын 2005-жылы туулган тургуну А.А. аттуу кыздын өз үйүндө асынып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, күбөлөрдөн сурак алынып, маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Учурда маркум А.А.га жана анын күйөөсү, 1997-жылы туулган А.У.га карата соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.
Ошондой эле маркумдун өлүмүнүн жагдайларын тактоо үчүн комиссиялык соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.
Ош ОИИБ белгилегендей, дайындалган экспертизалардын жыйынтыгынын негизинде окуяга юридикалык баа берилет. Аталган кылмыш иши башкармалыктын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө.