www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 1-сентябрь күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын 1962-жылы туулган Э.Л. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Анда 2025-жылдын 7-август күнү кызы 1984-жылдын 19-октябрында туулган кызы Абдисатар кызы Назгүл жана небереси 2013-жылдын 21-июлунда туулган Абдисатар кызы Акмарал менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу маалыматты Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.
Кийген кийимдери:Абдисатар кызы Назгүлдүн үстүндө көк түстөгү көйнөк, көк түстөгү шым. Абдисатар кызы Акмаралдын үстүндө жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү , кара түстөгү чолок шым (шорты) болгон.
Өзгөчө белгилери: Абдисатар кызы Назгүлдүн боюнун узундугу 165-170 см., дене түзүлүшү орто, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара түстө. Абдисатар кызы Акмаралдын боюнун узундугу 150-155 см., дене түзүлүшү арык, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара түстө.
Жогорудагылардын негизинде дайынсыз жоголгон 1984-жылдын 19-октябрында туулган Абдисатар кызы Назгүл жана 2013-жылдын 21-июлунда туулган Абдисатар кызы Акмарал тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефон номерлерине кабарлоону суранабыз:
тел: 03222 5-31-19, 0558 824880, 0707 630003.