www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Анарбек Мусаев Ноокатта Айылдык милиция бөлүмчөлөрүндө иштеген кызматкерлердин кызмат өтөөсүн жеринде текшерди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма өз кызматы билдирди. 

Анда өздүк курамга саптык кароо өткөрүлүп, иш бөлмөлөрдөгү тазалыктан баштап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, ИИМдин тиешелүү буйруктарынын талаптарын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, өздүк курамга коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу, мезгилге ылайык кызматтык кийим кийип жүрүү эрежелериг так сактоо, күнүмдүк милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу тууралуу нускама берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти чыңдоо маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынып, кызматтык милдеттерине кайдыгер караган кызматкерлерге карата тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар бардык РИИБдердеги айылдык милиция бөлүмчөлөрдүн ишин тартипке келтирүү максатында мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлүп турмакчы.

 

Последние новости