www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-декабрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында 2025-жылы 11 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча онлайн ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеге башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов төрагалык кылып, кызмат жана бөлүмдүн башчылары чакырылды. Ал эми райондук ички иштер бөлүмдөрдүн жетекчилери жеринде онлайн форматында катышты.

Күн тартибине 3 маселе коюлду. Анын ичинде өлкө башчынын “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгынын талаптарын аткаруу маселеси да каралды. Анда тиешелүү жетекчилер каралуучу маселелер боюнча баяндама жасашып, жетишкендиктер жана орун алган кемчиликтер талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө жыйындын төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан бир катар жетекчилердин кетирген кемчиликтери белгиленди.

Ошондой эле, жаңы технологияларды колдонуу менен болуп жаткан кибер алдамчылыктан коргонуу иш-чараларын күчөтүү, жашы жете элек балдарга туура багыт берүүнү колго алуу, кылмыштуулуктан арылтуу, катталган кылмыштардын бетин ачуу, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу, кызматтык тартипти сактоо жана башка бир катар белгиленген иш-чараларды аткаруу тапшырмалары коюлду.

 

Последние новости