www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу багытында жетекчилердин квалификациясын жогорулатууга арналган окуу курсу башталды.

15-сентябрда өткөн курстун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, сөз сүйлөдү.

Ал улуттук коопсуздук мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарттарынын бири экенин белгилеп, мындай окуулар жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатып, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Окуу курсун Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги уюштурууда. Ага укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле республиканын аймактарындагы райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер катышууда.

Курстун негизги максаты — улуттук коопсуздук маселелерине бирдиктүү мамиле түзүү, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана кризистик кырдаалдарда ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн жогорулатуу.

Окуу учурунда чек ара коопсуздугу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, катышуучулар тажрыйба алмашып, коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелерди карап, мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин жакшыртууга багытталган практикалык сунуштарды талкуулашат.

Последние новости