www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Атам жөнүндө баян» аттуу китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Аида Балаева тапшырып, мэрге элдин достугун даңазалоодо Ош шаарында жасалган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин китебинин негизинде тартылган «Бауыр» аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.