www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Алымбек датка көчөсүнүн Мамажан көчөсүнөн тарта кезектеги таңкы рейд жүргүздү.

Таңкы рейддин жүрүшүндө мэр Алымбек датка көчөсүн кеңейтүү максатында жолго тоскоол болуп жаткан мыйзамсыз объектилерди жана жол жээгиндеги курулуштарды алып салуу, ошондой эле айрым турак жай объектилерин соода-сатык жай катары мыйзамсыз пайдаланган учурларды аныктоо жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан демонтаждоо иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берди.

Шаар мэри аталган көчөнү кеңейтүү иштерине байланыштуу айрым турак жай ээлери Эне-Сай конушуна көчүрүлөрүн маалымдады.

Учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Последние новости