www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов Кыргызстандагы орусиялык "Кант" авиабазасынын учурдагы параметрлери ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук коркунучтарын жоюу үчүн жетиштүү экенин жана аны кеңейтүүнүн кажети жок экенин билдирди.
"Тиешелүү эксперттердин айтымында, авиабазасынын учурдагы иштөө параметрлери бизге, айрыкча түштүк тараптан келип чыккан коопсуздук коркунучтарын натыйжалуу жоюуга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Сергей Вакунов.
Ошондой эле, ал Орусия Федерациясы базаны заманбап курал-жарак, жабдуулар жана технологиялар менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бура берерин кошумчалады.