www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияга келген мигрант мобилдик телефон сатып алууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов билдиргенин РБК маалымдады.
«Бул жакка келген ар бир мигрант, айрыкча эмгек мигранты же узак мөөнөткө келген адам, телефон сатып алууга милдеттүү болот. Ал телефондо анын электрондук профили жайгашат. Ошентип биз ар бир мигранттын кайсы жерде жүргөнүн билип турабыз. Ал бир калктуу конуштан экинчисине көзөмөлсүз көчүп кете албайт, жашаган жерин өз алдынча өзгөртө албайт. Бул системанын негизи болот», — деп түшүндүрдү Зубов.
Телефондун болушу мигрантка документтеринин мөөнөтү аяктап жатканын же кайсы бир жерге келиши керектигин алдын ала эскертип турууга да мүмкүндүк берет. «Адам бир нерсени өткөрүп жиберип же билбей калган учурда күтүүсүз жагдайлар болбошу үчүн», — деп кошумчалады министрдин орун басары.
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва аймагында «Амина» аттуу мобилдик тиркемени сыноо башталган. Бул тиркеме геолокация маалыматтарын өткөрүү аркылуу Ички иштер министрлигине адамдын жүргөн жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Аны колдонуу Орусияга визасыз келген бойго жеткен мигранттар үчүн милдеттүү болуп саналат.
ИИМдин маалыматы боюнча, декабрь айынын ортосуна карата «Амина» тиркемесинде алардын геомаалыматтары жок болгондуктан 139 миңден ашуун адам миграциялык каттоодон чыгарылган. Эгер адамдын жайгашкан жери тууралуу маалымат система тарабынан үч күндөн ашык убакыт бою алынбаса, ал миграциялык каттоодон чыгарылат.