www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф 15-июлда өзүнүн Telegram-каналында Тегеран согушту колдобой турганын, бирок ар дайым күрөшкө даяр болушу керектигин, ошол эле учурда дипломатия жана сүйлөшүүлөр аркылуу улуттук кызыкчылыктарды коргоо зарылдыгын билдирди.
«Биз эч качан согушту каалаган эмеспиз жана азыр да каалабайбыз. Бирок коопсуздугубузду жана улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн ар дайым күрөшкө даяр болуп, керек болсо өмүрүбүздү да арноого даяр турушубуз керек. Ошол эле учурда улуттук кызыкчылыктарыбызды камсыз кылуу үчүн дипломатияны жана сүйлөшүүлөрдү колдонушубуз зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.
Галибаф ошондой эле согуштун оту кайрадан күчөп жаткан учурда адамдар АКШ менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн максаты эмнеде жана бул каршылашууда өз максаттарына кантип жетүүгө болот деген суроолорду берип жатканын белгиледи.
Ал бул суроолорго жооп Ирандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен табылышы керек экенин баса белгиледи.