www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москванын Люблино районунда каза болгон адамдардын экөө кыргызстандык экендигин тастыктады.

Учурда алардын аты-жөнү такталган. Каза болгондордун бирөө 20 жаштагы Б.К.уулу жана экинчиси 23 жаштагы К.Б.уулу болуп чыккан.

«Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россиянын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду», — деп билдирет элчилик.

Окуя жерине элчиликтин юристи барган. Учурда элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул окуяны көзөмөлүнө алганын белгилейт.

Эскерте кетсек кечээ, 7-августта  Москванын түштүк-чыгышындагы Люблино районунда канализациялык шахтада катуу жандан кийин топтолуп келген сууга агып Кыргызстандын 2 жана Тажикстандын 1 жараны каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости