www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары Орусияда миграциялык саясат кескин катаалдашты. Айрыкча чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдарга улам жаңы талаптардын киргизилиши, мигранттардын санын олуттуу түрдө азайтты. Бул процесстен Кыргызстандын жарандары да четте калган жок.

Алсак, патент алуу шарттарынын катаалдашы, каттоо эрежелеринин татаалдашы, миграциялык көзөмөлдүн күчөтүлүшү жана административдик жазалардын көбөйүшү мигранттар үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратты. Мындан тышкары, мыйзам бузган деп табылган чет элдик жарандарды абакка кесүү менен коркутуп, согушка күчтөп жиберүү сыяктуу чаралар да көп колдонулууда. Натыйжада көптөгөн кыргызстандыктар Орусияда иштөөнү кооптуу же экономикалык жактан пайдасыз деп эсептеп, башка өлкөлөргө багыт алууга же мекенине кайтууга аргасыз болушту.

Мурунку жылдары бейрасмий эсептер боюнча Орусияда 1 миллионго жакын Кыргызстандык эмгектенип жүргөн болсо, алардын саны эки-үч эсе кыскарып, бүгүнкү күндө 341 миңдин тегерегинде гана экени калганы айтылууда. Алар негизинен курулуш, соода, тейлөө, транспорт жана коммуналдык кызматтар сыяктуу тармактарда иштешет.

Мигранттардын санынын азайышы бир жагынан Орусиянын ички эмгек рыногуна таасир этсе, экинчи жагынан Кыргызстандын экономикасы үчүн да маанилүү кесепеттерди жаратууда. Анткени эмгек мигранттары жиберген акча каражаттары (котормолор) көп жылдар бою өлкө бюджети жана калктын социалдык абалы үчүн маанилүү булак болуп келген.

Последние новости