www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто-Токой ГЭСинин курулушу акыркы этабына чыкты

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги кайра жаралуучу энергия булактарын жана «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында гидроэнергетикалык объекттерди куруу иштерин улантууда. Бул чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана энергия балансындагы экологиялык таза генерациянын үлүшүн жогорулатууга багытталган.

Азыркы учурда Орто-Токой ГЭСинин курулушу активдүү фазада жүрүп, акыркы баскычка өтүүдө. Бул этапта станциянын кубаттуулугун чыгаруу үчүн зарыл болгон кошумча инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Тактап айтканда, 110 кВ чыңалуудагы аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу жайларына курулуш материалдарын жана атайын техникаларды жеткирүү үчүн кирүүчү жолдорду уюштуруу иштери аткарылууда. Ошол эле учурда жер казуу жана тирөөчтөрдүн пайдубалдары үчүн котловандарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер ГЭСти энергосистемага ишенимдүү туташтыруу үчүн маанилүү этап болуп саналат.

Суу алуучу шахтанын монолиттик конструкцияларын бетон менен куюу иштери толугу менен аяктады. Учурда жапкычтын көтөрүүчү механизми жайгаштырылуучу шахтанын үстүндөгү имараттын каркасын курууга даярдык иштери башталды.
Деривациялык тоннелдин долбоордук узундугу 950 метр болгон казуу иштери толугу менен аяктады. Тоннелдин 602 метр узундуктагы бөлүгүнө диаметри 5,40 метр болгон каптама жасалды. Металл каптамасы бар участоктордун узундугу 348 метрди түзөт. 

Машиналык залда генератор №1дин статорун орнотуу үчүн кыстармаларын тактоо иштери аткарылып жана агрегаттын төмөнкү кайчылаштарын орнотуу боюнча иштер аяктады. Ошондой эле терезе блокторун орнотуу жана герметизациялоо, гидротурбина №1ди монтаждоо, анын ичинде жумушчу дөңгөлөк жана багыттоочу аппаратты орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, агып чыгуучу каналдын оң жээгин габион конструкциялары менен бекемдөө иштери аткарылууда. Техникалык суу менен камсыздоо системасынын түтүктөрүн, ошондой эле сууну тазалоо жана фильтрациялоо жабдууларын орнотуу иштери жүрүп жатат.Орто-Токой ГЭСи быйылкы жылы ишке берилип, электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
 

Последние новости