www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК АКИpress агенттигине кыргыз-түрк «Сапат» лицейлеринин президенти Орхан Инандыны издөөнү улантып жаткаын билдирди.
Буга чейин дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасында УКМК Орхан Инандыны издебей жатканын жазган.
УКМК билдиргендей, жактоочу Чолпон Жакупова Бишкек шаардык прокуратурасына Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу боюнча түзүлгөн ыкчам тергөө тобунун курамынан УКМКнын кызматкерлерин четтетүү өтүнүчү менен кайрылган. Жактоочуга тергөө тобуна УКМКнын кызматкерлери кирбегенин билдиришкен.
«Бирок президенттин тапшырмасын аткаруу максатында УКМК Орхан Инандыны издөөнү улантып жатат. Издөө иштери токтотулган эмес. Бардык материалдар ИИМге берилүүдө», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Ошондой эле УКМКнын эмес, ИИМдин тергөө тобу түзүлгөнү белгиленди.
Булак: NazarNews.kg