www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Оренбургга гуманитардык жардам алып баруу үчүн жолго чыгышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Садыр Жапаров Россиянын суу каптоодон жабыркаган облусуна 350 тонна жардам жөнөтүүнү тапшырган. ӨКМ кызматкерлери аны 20 фура менен алып барат.

Гумжардам элге эң керектүү тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалган.

Алсак, тамак-аштан: ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, шире, таттуу азыктар, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер салынган. Турмуш-тиричилик буюмдарынан: суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан, жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил, чатыр даярдалган. Ошондой эле чоңдор жана балдар үчүн куртка, термокийимдер, желим өтүктөр жиберилген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости