www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Казакстанда контрабандага айыпталып Дамирбек Асылбек уулу кармалганда жарым ай өткөрбөй мандатынан дароо ажыраткан эл өкүлдөрү быйыл бир жылдан бери жыйынга келбей жүргөн Насыр Мусаевдин мышыгын пыш дей албаганы кызык болууда.

Ооба, ооруган кишиге сөз тийгизүүдөн алыспыз, бирок. Мамлекеттик жогорку кызматты аткарууда жоопкерчилик дсген болуш керек го. Дспутаттык мандат бир адамдын жеке менчиги эмес, мамлекеттин элге берген кызматы. Аны ээлеп алууга эч кимдин укугу жок.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына 40 күн катышпаган адам өз арызы мснен кетиши керек, а бул киши бир жылдан бери келген эмес. ЖК депутат Мусаев далайынын оозун майлап койгону үчүн унчуга албай жатышабы? Болбосо спикер өзү баш болуп чыркырап чыгып, (аталган депутат Д.Жумабековдун партиясында) мандатты кезек күткөндөргө бериши керек эле да. Жеке кызыкчылыктан качан мамлекеттин деңгээлине көтөрүлөбүз?

Булак: Де-факто

Последние новости