www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү эки дос Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатат. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев партия өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирген.

Анын айтымында, өлкө 3 жылдан бери саясий кризисте.

“3 жылдан бери өлкө саясий кризисте. Анын башталышы Атамбаев менен Жээнбеков өңдүү эки достун мамлекетти кезек менен башкарабыз дегенинен келип чыккан.  Ал эми бүгүнкү эки дос Кыргызстанды жарышып, талашып башкарып жатат. Мындай башкаруунун ыкмасы өлкөнү кризиске салганы турат. Ким аны айтып жатат? Ушакпы же саясий спекуляциябы? Жок, бул тарыхый фактор менен социологиялык иликтөөлөргө негизделген тыянак”, - дейт Текебаев.

Текебаев ошондой эле “Ата Мекен” күзүндө өтө турган шайлоого катыша турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости