www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКдан белгилешкендей, Бабановдун баш коргоо чарасын узартуу маселесин кароо учурунда анын ден соолугу начарлагандыгы жана чет жердеги медициналык мекемеде дарылануусун талап кылган оорулары бар экенин тастыктаган документтер алынган. Ага байланыштуу бүгүн, 27-июлда Биринчи май райондук соту тарабынан Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, чет жерге дарыланууга чыгуусуна уруксат берилген.
УКМК «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатканын жана ал иште Бабанов шектүү экенин белгилейт. Учурда ал ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg