www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окуучулар менен студенттерди милдеттүү түрдө баңгизат колдонуп же колдонбогонун аныктоо үчүн текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда.
Тиешелүү Жогорку Кеңештин токтому парламент сайтындагы коомдук талкууга коюлду.
Документте 9-11 класстын окуучуларын, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттерин бир жылда 3 жолу медициналык кароодон өткөрүү каралган. Токтомду этап-этабы менен ишке киргизүү белгиленген. Ага ылайык, мындай иштер 1-сентябрдан баштап Бишкек жана Ош шаарларында башталмакчы.
Жогорку окуу жайга тапшырып жаткан абитуриент баңгизаттык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган медициналык күбөлөндүрүүсүн тапшырууга милдеттүү болот.
Саламаттыкты сактоо министрлигине атайын лабораторияларды уюштурууга тийиш болсо, токтомдун аткарылышын Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети көзөмөлдөйт.