www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ министринин орун басары, Октябрь Урмамбетов туристтик сезондун алкагында Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү ички иштер органдарынын кызматтык ишмердүүлүгүн жеринде текшерди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзүп жаткан иш-чаралары, кызмат өтөө тартиби, материалдык-техникалык камсыздалышы жана атайын техникалык каражаттарды колдонуу деңгээли каралды.

Ошондой эле туристтик мезгилде кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин саптык даярдыгы, кызматтык тартиби жана жарандар менен туристтерге кызмат көрсөтүү маданияты өзгөчө көзөмөлгө алынды. ИИМ министринин орун басары жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү жана өлкөбүзгө келген ар бир туристке сылык, маданияттуу мамиле жасап, керектүү маалыматтарды жеткиликтүү берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын оң имиджин калыптандырууга салым кошуу ар бир кызматкердин негизги милдети экенин баса белгиледи.

Текшерүү учурунда жаңы патрулдук кызматтык автоунаалар, фото жана видеофиксация жүргүзүүчү заманбап аппараттык-программалык комплекстер, ылдамдыкты өлчөөчү радарлар, боди-камералар жана «Автоураган» системаларынын иштөө тартиби каралып, аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Жолдо жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында айдоочулар токтотулуп, ылдамдык режимин сактоо, каршы тилкеге чыкпоо, коопсуздук курун сөзсүз тагынуу жана жол кыймылынын эрежелерин так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, туристтер үчүн атайын даярдалган маалыматтык буклеттерди таратуу, алдын алуу иштерин күчөтүү, кооптуу тилкелерди талдап чыгуу, кошумча көзөмөл постторун уюштуруу жана жол кырсыктарын болтурбоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Октябрь Урмамбетов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуу менен бирге жогорку кесипкөйлүктү, мыйзамдуулукту жана кызматтык маданиятты сактоого милдеттүү экенин белгиледи. Ошондой эле жетекчилерге өздүк курамдын даярдыгын дайыма көзөмөлдөп, алардын билим деңгээлин жогорулатуу жана калк менен иштөө сапатын өркүндөтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Туристтик сезон мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жарандардын жана өлкө конокторунун коопсуздугун сактоо ички иштер органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калат.

 

Последние новости