www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл сайын 20-февралда эл аралык коомчулук 2007-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргыз Республикасынын демилгеси менен жарыяланган Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүн белгилейт. Бул датанын бекитилиши Кыргызстан тарабынан глобалдык деңгээлде теңчилик, тилектештик жана инклюзивдүү өнүгүү принциптерин илгерилетүү боюнча ырааттуу позициясынын айкын далили болуп саналат. Социалдык адилеттүүлүк өлкөбүз үчүн мамлекеттик саясаттын жана тышкы ишмердүүлүктүн ажырагыс бөлүгү бойдон калууда.

Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Эл аралык эмгек уюму жана БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти менен биргеликте БУУга мүчө мамлекеттердин, академиялык чөйрөлөрдүн, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык өнүгүүнүн учурдагы чакырыктары, теңсиздикти кыскартуу, татыктуу иш менен камсыз кылуу жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.

2026-жылы Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү «Социалдык өнүгүүгө жана социалдык адилеттүүлүккө жаңыланган милдеттенме» деген тема алдында өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин жыйынтыгында калыптанган демди улантуу аркылуу баары үчүн социалдык адилеттүүлүктү илгерилетүү. Кыргыз Республикасы социалдык өнүгүү жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууга жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоого мындан ары да активдүү салым кошууга даяр экендигин тастыктайт.​​​​​​

Последние новости