www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 6-апрелинде Нью-Делиде аскердик кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-индия жумушчу тобунун төртүнчү отуруму болуп өттү.
Кыргызстандын делегациясын полковник Р. Ормокоев, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы жана индиялык делегацияны Индиянын Коргоо министрлигинин эл аралык кызматташуу боюнча биргелешкен катчысы доктор Амит Теланг жетектеп барды.
Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде 2026-2027-финансы жылына пландаштырылган иш-чараларды, ошондой эле жакынкы келечекте кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Индиянын Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык боюнча башкы директору, генерал-майор Акаш Жохар менен эки тараптуу жолугушуу болуп, тараптар аскердик жана аскердик-техникалык тармактагы кызматташуунун абалы боюнча пикир алышты.