www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматын тапшырып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-февралда парламент жыйынын башында жарыялады.
«Мен бир адамга эмес, кыргыз элине, мамлекетке кызмат кылып келдим. Мени бир адамга байлаган туура эмес. Бирок, мен бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан өз эрким менен кетүүгө чечим кабыл алдым. Ызы-чуу, бүдөмүк ойлор болбошу керек. Мен ушундай чечим кабыл алдым. Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Туруктуулук болуш керек», — деди ал.
Нурланбек Тургунбек уулу былтыр парламенттик шайлоодо № 15 округдан депутат болуп шайланып келип, 2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон. Эми депутат катары ишин уланта берет.
Ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда да Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Нурланбек Тургунбек уулу 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген.
2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл эмгектенген. Мындан тышкары бир нече гезит, телеканалдарды жетектеген.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.