www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланып келген депутаттар алдыдагы жумада мандаттарын алышып, расмий ишке киришет. Бул чакырылыш элдин ишенимин актап, Жогорку Кеңештин ролун күчөтө алабы же жокпу жакынкы айларда билинет. Анткени акыркы жылдары парламенттин кадыр-баркы бирде көтөрүлүп, бирде түшүп, депутаттардын деңгээли кыйла төмөндөп кеткени айтылып келет.  

Демек, саясий формалдуулук эмес, өлкөнүн негизги чечимдерин түзгөн органдын ролун кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү болобу деген маселе коомчулуктун көңүл борборунда турат. Анткени, бийликтин бир бутагы болгон мыйзам чыгаруу органынын иштөө багыты, маданияты жана иш алып баруу стили коомго олуттуу таасир берет.

Арийне, парламенттин ички динамикасы төрага ким болору менен да түздөн-түз байланыштуу. Бул кызматтын ээси парламенттин темпин, ыргагын, саясий салмагын аныктаган негизги фигурага айланат. Азыркы тапта мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан жетекчиликке келиши мүмкүн деген сөздөр арбын. Бул мүмкүнчүлүк парламентке туруктуулук алып келеби же тескерисинче эски ыкмалардын уландысына себеп болобу, коомчулук кызыгуу менен күтүп турат.

Ырасында, улут кызыкчылыгын жеке амбициядан жогору койгон, коомго отчет берген, сын-пикирди угууга даяр болгон Жогорку Кеңеш гана өлкөнүн алдыга жылуусунда чечүүчү күч болуп бере алат.

Последние новости