www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 22-апрелде Россиянын Новосибирск шаарынан 176 жаран учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, эрте менен лабораториялык анализдер жүргүзүлүп, сурамжылоо жана жарандарды милдеттенмелери жөнүндө маалымдоо жүргүзүлүп жатат.

“Тесттин жыйынтыгын алгандан кийин алар үй карантинине жөнөтүлөт”, – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.

“Новосибирсктен учуп келген жарандар Бишкектеги “Ак Кеме” мейманканасындагы обсервацияга жаткырылган. Аларды дарыгерлер көзөмөлдөп, медициналык байкоолорду жана изилдөө жүргүзүп жатышат, эпидемиологдор алардын канча күн жана кайсы жерде болушкандыгын такташат. Ушул маалыматтардын негизинде биз программа иштеп чыгып, көзөмөлдөп турабыз” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, өлкөбүздө илдетти жуктургандардын саны 631ге жетти.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости