www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каза болгон монарх Харальд бешинчинин уулу Хокон Норвегиянын жаңы падышасы болду. Такка отурганда ал өзүнө Хокон VIII деген ысымды алды, деп билдирет «NRK».
«Мен Хокон VIII деген ысымды алам жана атам, чоң атам, чоң чоң атам тандап алган «Баары Норвегия үчүн» деген ураанды карманам», - деди жаңы монарх Министрлер кабинетинин отурумунда. Ал өкмөткө жана өлкө элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Хокон VIII 17-августтан тарта регент болгон. Ошол күнү анын атасы гемолитикалык анемияны дарылоо учурунда организмде суюктуктун кармалышына байланыштуу ооруканага жаткырылган. Европадагы эң улгайган монарх Харальд V 28-августта эртең менен 89 жашында каза болду.
Хокон VIII 1973-жылы 20-июлда туулган. Атасы такка отурганда, 1991-жылы мураскор ханзада болгон. Норвегиянын Хортен шаарында флотто кызмат өтөп, америкалык жогорку окуу жайда саясат таануу боюнча бакалавр даражасын алган. Ошондой эле аскердик парашютчунун сертификатына ээ.