www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Ноокат районунда жылына 1 млн тоннага чейин жер семирткич өндүрүүгө жөндөмдүү ири завод ишке киргизилди.
Бүгүн, 28-августта Т. Кулатов айыл аймагында 2024-жылы курула баштаган «Кыргыз жер семирткич» заводунун ачылыш аземи өттү.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун инвестиция тартуу жана өндүрүштү өнүктүрүү боюнча тапшырмасынын негизинде кытайлык инвесторлордун каражаты менен курулган.
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу этап-этабы менен жогорулатылат. Биринчи этапта жылына 100 миң тонна, кийинки жылы 200 миң тонна, андан соң 300 миң тонна жер семирткич өндүрүү пландалууда.
Долбоор толук кубаттуулукка чыкканда жылына 1 млн тоннага чейин продукция өндүрүп, 2 миң адамды жумуш менен камсыз кылат.
Ишканада негизинен аммофос, ошондой эле азот, фосфор жана калий камтылган аралаш жер семирткичтер чыгарылат. Кыргызстанда жылына 150 миң тоннага чейин жер семирткич керектелгендиктен, ички рынокту камсыздагандан кийинки продукцияны экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Алгачкы өндүрүштүк продукциядан Бишкек жана Ош шаарларына 100 тоннадан акысыз жер семирткич берилди.
Учурда заводго электр линиялары тартылып, трансформатор орнотулган.
15 млн долларлык өндүрүш жабдуулары Кыргызстанга жеткирилип, аларды орнотуу иштери жүрүүдө.
Биринчи өндүрүштүк линия сыноо режиминде иштетилүүдө.
Долбоорду толук аяктоо 2028-жылга белгиленген. Заводдун ишке кириши жер семирткич импортун азайтып, ата мекендик айыл чарбасын керектүү продукция менен камсыздоону жакшыртууга жана Ош облусунун өндүрүштүк-экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.