www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Ата шаарында жездеси кайнисине бычак менен кол салган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү Ноокен РИИБне түнкү саат 01:15 чамасында, шаардык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда ошол эле күнү саат 01:15 чамасында 1994-жылы туулган Кочкор-Ата шаарынын тургуну денесинен жаракат алып хирургия бөлүмүнө жаткырылгандыгы кабарланган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 13-февраль күнү саат 23:40 чамасында 1994-жылы туулган О.А. аттуу жаран өзү жашаган Кочкор-Ата шаарында бир тууган жездесинин үйүнө барып, өзүнүн үйүнө кайтып келе жатканда 1992-жылы туулган Б.Б. аттуу жездеси артынан келип ашкана бычагы менен байкатпастан көкүрөгүнө жана башына сайып койгондугу, сол кулагын тиштеп үзүп алгандыгы белгилүү болгон.

Жездесин текшерүүдөн өткөргөн учурда, мас абалда экендиги аныкталган. Ошондой эле далил буюм катары аш бычак алынган.

Аталган факт боюнча Ноокен РИИБнин тергөө кызматы тарабынан, 1992-жылы туулган Б.Б. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, Ноокен райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып алынып, үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүп жатат.

Последние новости