www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокатта УКМК кызматкерлери үчүн батирлер курулат

Ноокат районунун Калдай айылында УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн кызматтык батирлердин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниэл Рысалиев, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Курулуш иштери Калдай айылында, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун боюнда жүргүзүлөт. Курулуш үчүн Зулпуев айыл өкмөтү тарабынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына кирген 0,24 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Мында эки кабаттуу эки имарат курулуп, жалпы сегиз кызматтык батир болот.

Последние новости