www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунда Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү кумай канаттуусу табылып, ветеринардык текшерүүдөн кийин кайра жаратылышка коё берилди.

Маалыматка ылайык, канаттуу Ноокат районунун А. Мирмахмудов айыл аймагындагы чөп базардан сатуучулар тарабынан табылган.

Табылган кумай Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлоруна өткөрүлүп берилген.

Ошол эле күнү канаттуу Ноокат райондук ветеринария башкармалыгына жеткирилип, медициналык кароодон өткөрүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кумайдын ден соолугунун абалы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери жоктугу аныкталган.

Ветеринардык текшерүүдөн өткөндөн кийин сейрек кездешүүчү канаттуу коопсуз жана ылайыктуу табигый чөйрөсүнө кайра коё берилди.

Последние новости