www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы багытталган "Нелегал" рейди уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында 220га жакын чет өлкөлүк жаран шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда кармалгандардын документтери текшерилип, Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу жана ар кандай укук бузууларга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.
Рейд мыйзамсыз миграцияны аныктоо, бөгөт коюу жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.