www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-октябрь күнү биринде Өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо үчүн саясий жана коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, саясий талдоочулар, юристтер, саясий партиялардын жетекчилеринин өкүлдөрү жана журналисттердин коштоосунда тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун өтүшүндө Кыргызстанда акыркы убакта болуп жаткан окуяларга байланыштуу маселелер көтөрүлүп, чогулуштун аягында жалпы бир резолюция кабыл алуу максаты коюлган.

Бирок, тегерек столдун уюштуруучуларынын бири жана орток бир алып баруучу катары белгиленген Турсунбай Акун чакырган 22 коноктун ичинен болгону 12 киши келген. Белгиленген бир топ саясий партиялардын өкүлдөрү келген жок. Турсунбай мырзанын айтымына караганда ар дайым чакырылыштарга үзгүлтүксүз катышып келген “Мекен Ынтымагы” партиясынын өкүлү Муканбет Сайыров гана келген. 

Жыйын маалында катышуучулар эки тарап кагалышып, күндүн каарманы катары президент С.Жээнбековдон дагы С.Жапаров популярдуу болду.  Кээ бири азыркы учурдагы премьер-министр Садыр Жапаровду колдоп чыгышса, экинчи бөлүгү каршы чыгышты. Каршы чыккан тараптардын бирден бир жана башкы себеби 5-8 октябрь арасында абактан “качып” чыккан саясатчылардын көбүнчөсү азыр абакка кайтып сот иштери жүрүп жатса, С.Жапаровдун жалгыз гана боштондукта эмес жада калса премьер-минстрдин постунда отургандарына нааразы. Анткени, абактан бир адамды мынтип оңой жол менен кайра өлкөдөгү жогору посттордун бирине келүүсу криминалдык күчтөрдүн да өлкө иштерине кийлигишип кетүүсүнөн кооптонушат.

Албетте, мындай сөздөргө С.Жапаровдун расмий өкүлү катары жыйынга катышкан Бакыт Аманбаев жооп кайтарды. Анын сөздөрүнө ылайык Жапаров эч кимди кыйнап премьер-минстр болгон эмес. Кворумда депутаттар өздөрү эн жөнөкөй эле кол көтөрүп шайлоо жолу менен тандалган адам экенин белгилеп кетти. Жаштарга же болбосо Кыргызстандагы абалды оңдоо маселелеринде Жапаров эч кандай каршылык көрсөтпөй тескерисинче колдон келишинче ак жана адал иштеп жаткандыгын айтты.

Бул сөздөрдүн артынан эле Садыр Жапаровдун учурдагы “легитимсиз” жана “качкын” статусу да талкууланды. Жогорку сотто Жапаровдун сот тарыхын толугу менен актап чыгуу маселеси каралып жаткандыгы белгилүү болду.

Муну менен бирге чогулуштун өкүдөрү VI-чакырылыштын депутаттарына, тагыраагы Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнө чон нааразычылыгын да билдиришти. Өлкөдө болуп өткөн окуяга алып келгендигинин бирден бир себеби депутаттардын жоопкерчиликсиздиги жана кымырабастыгы болду. 

Андан тышкары азыркы учурда расмий болгон Конституцияны өзгөртүү маселесин да көтөрүштү. Бирок, бул тема талкууга алынганда эле жыйындын мүчөлөрү толугу менен каршы чыгышты. Андыктан Конституцияга кол салбоо маселеси абдан корс мамилеге учурады.

Козголоң болуп жаткан учурда эл менен чогуу чыгып өзөрүүлөргө умтулгандан көрө ар бири калаадан качып чогулуштарга да келишкен жок- деп нааразы болушту. Тамаша чындыгына аралаштыра жыйындын катышуучулары депутаттарды “дизертир” деп мазакташты.  

Кызуу талкуу темпинде өткөн жолугушуу учурунда Жогорку Кенештин депутаттары кыска мөөнөттө чогулуш кылып, кырдаалдан чыгуунун жолдорун табуусу керектиги айтылды.

Талаш-тартыштын ичинде көптөгөн сөздөр айтылды. Мисалы: Нарынбек Молдобаевдин айтымына караганда болуп өткөн окуя бардыгы айткандай революция деп айтууга болбойт. Анткени бул окуя өз артынан эч бир чоң өзгөрүш алып келген жок. “Болгону элдик козголуш же дүрбөлөң”-деди .

5-октябрьда болгон козголоң да эмненин айынан болгонун эске салышты. Калк жөн гана шайлоо жыйынтыктарына каршы болгону үчүн аянтка чыгышкан. Митинг башталганда эле ар башка политик өз максатында элди провокацияга алдырып, жыйынтыгы өлкөнү жана элди оор абалга алып келди.

Өз учурунда сөздөн пайдаланып кеткен саясий талдоочу Марс Сариев: “Шайлоо агитациялары учурунда да, шайлоо убагында да көптөгөн мыйзам бузууларды байкаганда эле эл козголоорун айткам. 2005-2010 жылдарындагыдай чоң революция болбосо дагы, бир көтөрүлүш болоору айдан анык эле”-деди. 

Ошол эле учурда Динара Ошурахунова да аянтта төнкөрүлүш башталганда эле баардык саясий партиялардын башчылары же болбосо өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууга аракет кылганын, бирок тилекке каршы күч органдары тарабынан жөнөкөй калкка провокация катары күч колдонулганына байланыштуу абал орчундап кеткен. “Ошондуктан мындай оор учурда түрмөдөн жаңы чыгып келген адам эч ишеним жаратпайт. Мындай улана турган болсо, өлкө иштерине криминалдык күчтөр дагы аралашып кетиши мүмкүн. Кыргызстанда көтөрүлүштөн башка дагы коронавирус көйгөйү бар, ал эч жакка кеткен жок. Жана ошондой эле сырттан келе турчу инвесторлор менен донорлордон жардам токтоп калат. Үч күн ичинде өлкө казынасына 8млрд.слм зыян келди. Мынтип отурсак так эле Домино оюнундай эле бир проблеманын артынан экинчиси келип, Кыргызстандын кыйрашына алып келет.”-деп айтты.

Саясий талдоочу Табылды Акеров өз сөзүндө: “ Шайлоо күнүнө аз калганда эле 4-октябрь күнү шайлоо боло турган болсо, 5-октябрь күнү дароо козголоң болуп, Башкы прокурор креслосуна Сыймык Жапыкеев келе тургандыгын алдын ала эле айткан элем. Саясий элита оңолгонго чейин өлкөдө революция, козголоң жана төңкөрүлүштөр дайыма болуп тураары тууралуу эскертип келгем. Жада калса биринчи эки революцияда да, убагындагы спикер Ахматбек Келдибеков да укпай койгон. Аягы дайыма эле бирдей бүтө берет. Конституцияны өзгөртүү керек деп баштадынар, эгер азыр Конституцияны өзгөртөбүз десеңер калк кайрадан аянтка чыгат. Конституцияны өзгөртүүдөн мурда, партияларга тиешелүү алардын идеологиясын мыйзам түрүндө өзгөртүп, андан кийин Конституцияны оңдоо зарыл”- деди.

Тегерек столдун аягында катышуучулар орток бир резолюция кабыл алганга аракет кылышты.

Ал жерде жакынкы убакка түзүлгөн бир нече пункт иштелип чыкты.

1. Президент Сооронбай Жээнбековдун ишин таштабастан, президенттик кызматын улантуусу.

2. ЖК депутаттары кыска убакытта чогулуш өткөрүшү.

3. Садыр Жапаровдун статусун толугу менен аныктап жана тактап алуу.

4. Өзгөчө кырдаалдар убагында оперативдүү бир иш кыла турчу адамдардан топ түзүү. Сөзсүз бир эрежеси болуп, ал топтун ичинде жаштар атынан да адамдар болуусу, жана ошондой эле сасясат аксалдарынан аз санда болуусу талап кылынды.

5. Жакынкы эки ай ичинде кайрадан таза шайлоо өткөрүү.

6. Саясий партиялардын Шайлоого катышып утуусуна белгиленген 7% барьер 3-5% төмөндөтүү.

Буга жараша резолюция толугу менен иштелип чыккандан кийин, келечекте партия башчылары, саясий жана коомдук ишмерлер, юристтер жана саясий талдоочулар, жаштар өкүлдөрү жана дүйнө жүзү специалисттеринин катышуусунда дагы бир чоң жолугушуу өткөрүү пландалды.

Айпери Бакытбек кызы, NazarNews.kg

Последние новости