www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинин тагдыры жергиликтүү эл менен кеңешип чечиле тургандыгын 28-августта өкмөттүн жыйынында билдирген эле. Учурда жергиликтүү Нарын облусунда азыр күбүр-шыбырт күчөп жакынкы аралыкта Аманбай Кайыпов кызматтан кетип, ордуна Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкуловдун келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка таянсак Эмил Алымкуловдун “домкраты” Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев. Бирок бул көрүнүш жергиликтүү калкка анча жага бербей, жакынкы аралыкта Эмил Алымкуловго каршы митингге чыга тургандыгы айтылууда. Жыйынтыгында Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов кызматтан кеттип ордуна Алымкуловдун көзү кызарып тургандыгын уктук.

Эске сала кетсек, Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү 2013-жылы кытайлык «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. Бирок кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө жакын жергиликтүү тургундар 5-августта нааразылык акциясына чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. 7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогондугун жар салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости