www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаңы калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүүдө. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.

Министрликтен билдиришкендей, курулуш иштери параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен жүргүзүлүүдө. Имараттын жалпы аянты 2215 чарчы метрди түзүп, жер төлөсү менен кошо үч кабаттан турат. Борбордо жарандарды кабыл алуу жана тейлөө үчүн заманбап шарттар каралат.Курулуш-монтаждоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган. Учурда объектте иштер бекитилген графикке ылайык аткарылууда. Курулуштун сапаты жана ар бир этабы министрликтин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Последние новости