www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2003-жылы Нарын шаардык башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан жер мыйзамдарынын талаптары одоно бузулганы аныкталды.
Маалыматка ылайык, ошол жылы Нарын шаарында жайгашкан муниципалдык мейманкананын имараты, мурдагы мамлекеттик резиденция, ага караштуу аянты 23 миң 500 чарчы метр жер тилкеси менен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында мүлк кайрадан мамлекеттин карамагына кайтарылды.
Кайтарылган имараттын баасы 96 млн 587 миң 170 сомду түзөт. Имарат ага караштуу жер тилкеси менен бирге мамлекеттин балансына өткөрүлдү.