www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан курулуш мыйзамдарынын сакталышына карата текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым объекттерде архитектуралык-долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле объекттердин функционалдык багытын өз алдынча өзгөртүү фактылары аныкталды.
Атап айтканда, Нарын шаарындагы бир катар соода жана тейлөө объекттери боюнча мыйзам бузуулар катталып, тиешелүү протоколдор түзүлүп, чаралар көрүлдү. Алардын катарында чач тарач, эс алуу жайы, дарыкана, гүл дүкөнү, кафе, чайкана, унаа жуучу жай жана башка объекттер бар.
Ошондой эле Нарын облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин административдик имараты боюнча да курулуш тартибин бузуу фактылары аныкталган.
Бардык объекттердин ээлерине жана пайдалануучуларына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, курулуш жана шаар куруу эрежелерин так сактоо талап кылынды.
Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш иштерин баштоого чейин тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алуу милдеттүү болуп саналат.
Ал эми пайдаланууга берүү тартиби белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.