www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2025-жылдын 9-октябрында КР УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору К.Н.Т. кармалды. 

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш - чаралардын жүрүшүндө аталган К.Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Нарын облусунун Ат-Башы районунун ИИБнын УКЖсына киргизилип, сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Последние новости