www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-дупутат Надира Нарматова менен мамлекетибиздеги айрым саясий жагдайлар тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорго жооп алдык.
-Надира Азимовна, кечээ Алмазбек Атамбаев өз телеканалына берген маегинде “Сооронбай Жээнбеков менен элдешкенге аракет кылдым. Бирок, ал аракетимди туура эмес кабыл алып алышты”- деди. Атамбаев элдешүү кол сунганына ишенесизби?
-Бул сөздү жалпы коомчулук укту. Эки достун ортосундагы акыркы 7,8 айдан берки өз ара мамилелериндеги көз караштарды коомчулук саресеп салып карап, угуп, ар ким өз деңгээлинде ой жүгүртүп, тыянак чыгарып келе жатканын эч ким жокко чыгара албайт. Менин жекече көз карашымда досбуз деген адамдар өз ара мамилесин сыртка чыгарбай койсо болмок. Анткени, бири экс-президент, бири иштеп турган Президент. Ортодогу таарынычтар жөнүндө айтылган сөздөр мамлекет башчынын деңгээлиндеги сөздөр эмес. Мен анткем, мен минткем, мен колдогом, мен ошол деңгээлге жеткиргем деген сөздөр жаман аялдын таарынганындай эле сөз болуп калды. “Айтылган сөз атылган ок”, “Буттан чалынган турат, тилден чалынган турбайт”, сөз ооздон чыгып, кулакка кирип, жүрөккө кадалып, сезимге сиңип кетет. Канча жолу кечирим сурап, далалат кылса да, кечирдим деген чакта да, эч качан жаман кемсинткен сөз унутулбайт. Көзүнө көрүнгөн сайын эсине түшүп, жаман сөз жаңыра берет.
Бул реалдуу жашоодо тирүүчүлүктүн ачуу чындыгы. Анткени, Алмаз Шаршенович акыл эси жайында туруп, мамлекетти башкарып Президент болуп иштеп турганда теңирден тескери сөздөрдү сүйлөп, абийириң 3% болчу, мен 54% ке чыгардым деген сөзү түшүнгөн адамга өтө оор тийген. КСДПнын өзүнүн чечимдери, аракеттери менен 7 жылдык мөөнөттө Кыргыз элин ойнотуп, жалган сөздөр менен алдап келгендик болуп калат. Анткени, 7 жылдан бери КСДП мамлекетти башкарып келе жатат. Жээнбековду менимче биринчи коомчулука Атамбаев жекече абийиирине шек келтирип, 3%тиксиң десе ар бир адамдын ариет намысы бар да... Жээнбековду Атамбаевдин демилгеси менен көпчүлүк колдоп берди. Добуш берди. Урнага бюлльетень ташталды. Жалгыз өзү ошончо бюлльетень таштаган жок да. Анан бир туугандарын мен өстүрдүм деп кайра-кайра кайталаганын да коомчулук жакшы кабыл алган жок. Кыскасы КСДП өздөрүнүн абийиирин өздөрү төгүп, шайлоодогу терс көрүнүштөр да өздөрүнөн тарап жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Жээнбеков сабырдуулук кылып Атамбаевдин кептерине маданияттуу болуп, бир жолу жооп берди 24.kg берген маегинде. Салмактуу болуп ар бир сөзгө жооп бербей, кайым айтышпай, теңелбей койгону оң болду. Убакыт тараза элге кылган ак эмгеги менен Атамбаевге жооп бериш керек.
Кимдин ким экенине тарых өзү баа берет. Ушундай кайчы пикирлерди жараткан Алмаз Шаршенович өзү болуп калды окшойт. Эми адашыпмын деген ойду айтканы жаш баланын сөзү болуп калды. Эгер кыргыз элине жакшылык кааласа, чагымчыл сөздөрдү токтотуш керек. Сооронбай Шарипович коомчулукта кайчы пикир жаратпай баштагыдай эле сабырдуу болуп, эч бир сөзгө жооп кайтарбай эле коюшу керек. Антпесе Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши өлкөнү маскара кылгандан башка эч нерсе кылбайт.
-Укурук анын да мойнуна илинээрин сезген Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен элдешүү аракетин баштадыбы?
Сооронбай Жээнбеков ушунча дооматтан кийи , элдешүүнү деле каалабаса керек. Анткени, элдешүүнү каалаган адам улам улам каралабайт да. Кечээ берген интервюсунда Жээнбеков жөнүндө жакшы сөз айткан жок. Биротоло күрөштү улантууну каалагандай ишаарат кылды. “Көрөбүз”- деп. Мен башынан аягына чейин көрдүм Атамбаевдин маегин. Ошондуктан, Эки тарап тең унчукпай эле өз ордуларын билгени дурус го деген ойго келдим. Анткени, унчукпай коюу да теңелбегендин бир белгиси да.
-Элде Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынгандан кийин “мыйзамсыз баю” деген берене менен коррупционерлерди кылтакка илип, жоопко тартуу аракети башталдыбы деген үмүт пайда болду. Президент эми коррупционерлерди так ушул жол менен кустурушу мүмкүнбү?
- "Мыйзамсыз баюу"-деген берене менен коррупционерлерди тазаласа болот. Мамлекеттин мүлкүн менчиктеп алган, казынага кол салган, сырттан келген кредит, гранттарды бөлүп алышкан байлар толтура. Ошолордун баарын кустуруп , ачылган счетко төктүрүп, мамлекеттин карызынан кутултуп койсо , азыркы бийлик тарыхта калмак. Анткени, бир аракет менен көп нерседен тазаланат.
1. Коррупционер кадрлардан 2. Мамлекеттин казынасына кол салгандардан
3. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн тармактык Министрликтеги жогорудан ылдый карай капиталдык салымдарда үлүштө отургандардан 4.Келген кредит гранттардан уурдагандардан. Кыскасы, люстрациянын ыңгайлуу пайдалуу жолу болмок. Президенттин бул аракети колдоого аларлык.
-Жаңы каржы министри иштин өтөөсүнө чыга алабы? Банкир кандай критерий менен кабыл алынды деп ойлойсуз?
-Коомчулуктун пикирин эске албай, Өкмөттүн бүгүнкү финансалык акыбалын эске албай, республикалык бюджеттин тартыштыгын эске албай, Каржы Министрлигине республикалык бюджет маселеси боюнча бул тармакта иштебеген, толук көз карашы жок бир банкир Бактыгүл Жээнбаеваны Каржы Министри кылып көрсөтүп жатканы биздин жетекчилер оңолушту каалабайт экен деген ойго келет экенсиң. Анткени, каржы министрлигинмн ишин өздөштүргөн кесипкөй такшалып, министрлик деңгээлге жетип калган кадрлар толтура. Бирок, эмне үчүн Жээнбаева ал кызматка көрсөтүлүп жатканы кызык болуп жатат. Президенттин кеңешчиси, УӨттүн АУБ менен ячейкаларды тегиздеп берген ликвидатор болгону үчүн, сунуш кылынып жаткна жокпу деген да ойго кептелесиң. Жээнбаева балким өз кесибин банк тармагын жакшы билген кесипкөйдүр. Республикалык бюджет башка маселе да. Мен Жээнбаева менен эч кандай жекече мамилем жок. Бирок иш боюнча мурунку чакырылышта депутат катары "АУБ менен ячейкалар боюнча комиссиянын төрайымы болгом. Акыбалды жакшы билген адам катары, Каржы Министр эмес , катардагы жетекчилике жакын жолотпош керек деген ойдо калгам. Балким окуса мени жек көрөр, бирок тарых чындыгы үчүн унчукпай койо албаймын.
Мындай кызматка келгенден Жээнбаева өзү уялышы керек. Өкмөтчү дегенде эле кадрдан жаңылды. Анткени, каржы министри өкмөттүн мотору. Каржы министрине өлүмүш болуп буйрукту аткарган адамды эмес, иштей турган, ишинен жыйынтык чыгара билген адисти дайындасак болмок.
-Андай чуунун башында турган аялды ким ишеним артып, жогору жакка сунуштады деп ойлойсуз?
-Менин оюмда Б. Жээнбаеваны Роза Отунбаеванын сунушу менен ошол кызматка көрсөтүлүп жатат. Роза Отунбаева жөн жатпай, адатынча тумшугун ар жерге тыгып жаткандыгын коомчулук жактырган деле жок. 1.5 иштемиш болуп, түбөлүк Президенттик мамлекеттик коргоого алган статуска ээ болгондон кийин, сыйы менен коомдук иштери менен эле алек болушу керек деген ойду мен эмес, башкалар да айтып жатат.Сыягы, Жээнбаеваны Сариевадай кылып, жакшы кызматтарга сүйрөйүн деп жатышат окшойт.
Чынында мамлекет реанимацияда жаткан оорукчан адамдын акыбалындай абалга кептелди. Ачуу чындыкты моюнга алып, партиялык система дегенди бир азга четке сүрүп, өлкө кызыкчылыгы үчүн бекитип жаткан духтарын президент баштап ачыка чыгарышы керек. “27 жылда 30 Премьер-министр, 30 жолу өкмөттүн курамы алмашыптыр. 30ду 27ге бөлгөндө 8 айдан туура келет экен. Мындай жол менен мамлекет өнүкпөйт. Өнүгүү үчүн туруктуу анан күчтүү Өкмөт керек.
Ошондуктан туруктуу өкмөт, бирдиктүү программанын алкагында бир команда түзүп, 5 жыл иштеп көрүшү керек. Балким жоопкерчилигин көбөйтсөк, иштешине шарт түзсөк, талапты катуу койсок жакшы натыйжа береттир. “Сүйлөгөндүн оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” деп отура бербей чындыкка тике карайлы.
Президент менен Парламент өкмөттүн чабалдыгын айтса, Өкмөт башчы мойнуна алып, "мындай өкмөттүк курам менен алдыга жыла албайм"-деди.
Мындай учурда эмнеге чечкиндүү кадамдарга барганга болбосун. Президент менен парламент, акылдашып мамлекетти кризистен алып чыгууга сөз берген, жетектеген тармактын жоопкерчилигин мойнуна алалган, реформаларды жүргүзөм деген программасы бар адистер менен компромиске барып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштеши керек. Антпесек, мамлекеттин жүгүн тарта албаган өкмөт менен алыска баралбайбыз. Маселенин баары Бактыгүл Жээнбаевадай кадрларды кызматка келсе эле чечилип калбайт.
Булак: "Майдан кж"