www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруп, өткөрүп жаткан жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул максатта алар бир күндүк батирлерди ижарага алышкан.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз кумар оюндары өткөрүлгөн дарек жана аны уюштурган жарандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Соттун чечими менен 2000-жылы туулган М.Б., 1989-жылы туулган К. Э., 1981-жылы Т. Ю., 1987-жылы туулган С. Г., 1994-жылы туулган И.Ж. аттуу жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы талдалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, мыйзамсыз кумар оюндарына катышуу жана уюштуруу мыйзам тарабынан тыюу салынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.