www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош экологиялык прокуратурасы Баткен облусунун Лейлек районундагы токой чарбасынын аймагында көмүр казуу иштеринин мыйзамдуулугун текшерип, ири өлчөмдөгү зыян келтирилгенин аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз иштерди убагында токтотуу жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча чараларды көрбөгөнү белгилүү болгон. Натыйжада айрым ишканалардын мыйзамсыз иш жүргүзүүсүнө шарт түзүлгөн.
Маалыматка ылайык, «К-А» жана «К-А П» ишканалары бөлүнүп берилген жер тилкелеринен тышкары 100 миң 519 чарчы метр токой жеринин кыртышын мыйзамсыз бузуп, 739 миң 494 куб метр көлөмүндө өндүрүш калдыктарын төккөн. Ошондой эле жаратылышты пайдалануу үчүн каралган милдеттүү төлөмдөр төлөнгөн эмес.
Ушундан улам токой жерлерине 66 млн 342 миң 540 сом өлчөмүндө зыян келтирилип, мамлекеттик бюджетке 135 млн 214 миң 453 сом түшпөй калган. Жалпы келтирилген чыгым 201 млн 556 миң 993 сомду түзгөн.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 307-беренеси («Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери уланууда.