www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым чет элдик басылмалар Иран Кытай менен 300–400 даана көчмө зениттик-ракеталык комплексти (ПЗРК) сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн жазышты.
Маалыматка ылайык, бул куралдар Ирандын абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө багытталып, истребителдерге, тик учактарга жана учкучсуз учуучу аппараттарга каршы колдонулат. Алгачкы жеткирүүлөр жакынкы апталарда башталышы мүмкүн экени айтылууда.
Ошол эле учурда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматтарды четке кагып, Иранга курал-жарак сатуу боюнча айтылып жаткан билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын билдирди.