www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку кеңештин жакында эле мандатын тапшырган депутаты, ага чейин Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүн жетектеп турган Музаффар Исаков, мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин соодалап жибергендиги боюнча айыпталып, 7 жылга шарттуу кесилди.
Ага карата жеңил жаза берилип калгандыгы боюнча бир топ нааразы пикирлер айтылууда. Жалал-Абаддык укук коргоочу Анарбай Орозов, Сузак району чыгарган өкүмгө нааразы экенин билдирип, облустук сотко даттанаарын билдирди. Тоок уурдаганга 9 жыл, ал эми мамлекеттин мүлкүн уурдап сатканга 7 жылшарттуу кесилгени акылга сыйбаган нерсе иш экенин баса белгиледи.
Демек, азыркы бийлик тушунда деле сот системасы оң жолго салынбай тургандыгы ачыкталып калды Коррупционерлерге карата тандалма иш жүрүп жаткандыгы, кол ийрисине тартып жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт…
Булак: "Ачык саясат"