www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү күнү. Мустафа Кемаль ким экенин баарыбыз билсек керек. Мен ал жөнүндө айрым окуяларды азыркы Кыргызстандагы жагдайды салыштырып баяндагым келди,-деп жазып чыкты саясий серепчи Темирлан Сарлыкбек уулу Фейсбуктагы өздүк баракчасына.  ********** Мустафа Кемаль эл менен жолугушуусунда бир улгайыңкы аял (мурдагы кошунасы) жанына келип даттанат: - Уулум сенин атыңан Мамлекеттик темир жол ишканасына барса, сен жөнөткөн мүдүрү жумушка албай койду. Өзүң аны жазалап, уулумду жумушка орноштуруп койсоң жакшы болоор эле. - Темир жол ишканасынын мүдүрү мени укпай койдубу? Азамат экен... Демек өнүгүү жолундабыз... (МАМЛЕКЕТТИК ЖУМУШТА ТУУГАНЧЫЛЫК, ЖЕРДЕШЧИЛИК ЭМЕС, БИЛИМ ЖАНА ЖӨНДӨМ МААНИЛҮҮ)

********** Мустафа Кемаль дагы бир эл менен жолугушуусунда көпчүлүктүн арасындагы сакалы кароосуз калган бадалдай саксайган аймактын молдосун көрүп, ага эл алдында үлгү болушу керектигин, сакалын тегиздеп, келбетин оңдоп жүрсө туура болоорун айтат. Арадан бир топ убакыт өткөн соң аймактын акиминен кызыгып сурайт молдо жөнүндө. Аким дагы молдого кайрылгандыгын, молдо сакалын динге байланыштырып, эч ким анын сакалына кийлигишпеши керектигин айтып кагып койгондугун баяндайт. Мустафа Кемаль дароо молдого анын талапкерлиги акимдик кызмат үчүн каралаарын, тез арада Анкарага келиши керектигин билдирген кат жөнөтөт. Катты алган молдо эртеси эле сакалын такырайтып кырып Мустафа Кемалдын иш бөлмөсүндө пайда боло калат. Аны менен чогуу чай ичип, баарлашып, сылык узаткан соң дароо аркасынан кат жолдойт; "Кечирим сурайм, кызмат оруну үчүн динин саткан адам кызмат ордуна жетсе өлкөнү сатпайт деп эч ким кепил боло албайт". (МАМЛЕКЕТ ЫЙЫК, САТЫЛБАЙТ, САТКЫНДАРГА ТАПШЫРЫЛБАЙТ)

********** Кандуу согуш аяктап, Түркия Республикасы түптөлгөндөн кийин Египеттик эл алдында жүргөн адамдар Мустафа Кемалды зыярат кылышат. Майектешүү учурунда алардан кызыктуу сунуш түшөт: - Түркиянын эгемендик алышында сиз жолбашчы болдуңуз. Египет дагы эгемен өлкө болушун каалайбыз. Сиз эми Египетке барып бизге дагы жолбашчы болуп бериңиз. - Мени менен чогуу өлүмгө даяр 500 миң кишиңер барбы? - Жок. Элди өлүмгө түртүүнүн кажети жок го. - Эгемендик үчүн эл жанын бергенге даяр болмоюнча аларга жүз Мустафа Кемалды кошсоңор да жеңишке жетүү мүмкүн эмес. (ЭГЕМЕНДИКТИН БАРКЫН БИЛЕЛИ)

********** Түрк аскерлери Измир шаарынан Грек аскерлерин сүрүп чыгарат. Мустафа Кемаль бүт Измир алаканга салгандай көрүнгөн бир дөбөдөгү тойкананы көрүп, жанындагыларга бираз ракы (арак) ичип эсалууну сунуштайт. Тойкананын ээси грек улутунан болгондуктан түрк аскерлеринен коркуп жашынып калат. Өзүнө ыңгайлуу жерден орун алып, тамекисин буркурата чегип, Измир шаарын раxаттана карап ракысынан жутуп отуруп тойкана ээсин чакыртат. Коркконунан калтыраган тойкана ээси: - Айтыңыз таксырым. - Бул жерге Кости (ошол учурдагы грек падышасы Константин) келип ракы ичтиби? - Жок таксырым. - Макоо десе. Мындай керемет жерде ракы ичпегенден кийин эмнеге үч жыл басып жатты Измирди? (МЕКЕНИБИЗДЕН РАХАТ АЛЫП ЖАШАЙЛЫ)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости