www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын соту мурдагы президент Роберт Кочаряндын уулу Седрак Кочарянды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу 26-августта адвокаты Александр Кочубаев маалымдады.
Анын айтымында, сот тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, беш сааттан ашык созулган отурумдан кийин Седрак Кочарянды эки айга камакка алган. Ошондой эле ага жубайы жана балдарынан башка адамдар менен жолугушууга чектөө коюлган.
Кочубаев бул чечимди саясий куугунтук деп атап, иш козгоодо процессуалдык мөөнөттөр бузулганын билдирди.
25-августта күч кызматкерлери Кочаряндын кенже уулу, оппозициялык «Армения» фракциясынын депутаты Левон Кочаряндын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Кийинчерээк экс-президент Роберт Кочарян менен анын улуу уулу Седрактын кармалганы белгилүү болгон. Антикоррупциялык комитет коррупцияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында ондогон даректерде тинтүү жана башка тергөө аракеттери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Кийин Роберт Кочарян сурактан кийин өзүн жаман сезип, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери коштоп ооруканага жеткирилген.
Башкы прокуратура Кочарянды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, ири өлчөмдө пара алууга жана мыйзамсыз алынган каражаттарды адалдоого шектеп жатканын маалымдады.