www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга акча которуулар азайды

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын Кыргызстанга акча которууларынын таза агымы 3 млрд 1 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында акча которуулардын таза көлөмү болжол менен 1 млрд 400 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен 6%га төмөндөгөн.

Анын айтымында, акча которуулардын 95%дан ашыгы Россия Федерациясынан түшөт. Которуулардын долларлык эквивалентинин, анын ичинде Россиядан келген которуулардын бир аз төмөндөшү, негизинен, орус рублунун АКШ долларына карата алмашуу курсунун динамикасына байланыштуу.

«Акча которуулар адатта АКШ доллары менен эсептелет, ал эми алардын Россиядагы булагы орус рублу болуп саналат. Рубль долларга карата наркын жоготкондо, которуулардын көлөмү рубль менен сакталса да, алардын доллардагы эквиваленти төмөндөшү мүмкүн. Жылдык акыркы жыйынтыктар кийинчерээк чыгарылат», - деп билдирди ал.

Последние новости