www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленген мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордунда заманбап маданий борбор куруу долбоорунун алкагында эскиздик долбоор даярдалды.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан объекттин айланасына тосмолор орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 5-ноябрында болгон өрттөн кийин Бишкек шаарынын мэри объектке барып, анын мындан аркы тагдыры боюнча чечим кабыл алуу жана долбоорду ишке ашыруу иштерин тездетүү боюнча тапшырма берген.
Берилген тапшырманын негизинде бүгүнкү күндө жаңы маданий борбордун эскиздик долбоору иштелип чыгып, долбоорлоо иштери улантылууда.