www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын укук коргоо жана мамлекеттик-укуктук системасы оор жоготууга учурады. 2026-жылдын 31-июлунда 80 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мурдагы Башкы прокурор жана Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары экс-Башкы прокурор Конгантиев Камбаралы Ташболотовичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана санаалаштарына көңүл айтат.

Камбаралы Ташболотович өлкөнүн мыйзамдуулугун жана укуктук тартибин чыңдоого зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер болгон. Ал өзүнүн эмгек жолунда жогорку кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу жана адилеттүүлүккө болгон бекем позициясы менен айырмаланып келген.

Прокуратура органдарындагы эмгек жолун катардагы тергөөчү катары баштап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматына чейин жеткен. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Аппаратынын эксперттик-укуктук бөлүмүнүн башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты, тиешелүү комитеттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү кызматтарын аркалап, мамлекетке ак ниет эмгек өтөгөн.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору катары иш алып барган мезгилде прокуратура системасынын өнүгүшүнө, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган иштерге олуттуу салым кошкон.

Камбаралы Ташболотовичтин өмүр жолу мекенге берилгендик менен кызмат кылуунун, кесипкөйлүктүн жана жоопкерчиликтин өрнөгү болуп кала берет.

Анын жаркын элеси, мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык эмгеги элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко

Последние новости